super.kg logo

Өлкөдө бир күндө 45 "крутой" унаа номуру сатылды

 
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы кечээ 6 сааттын ичинде 780 миң сомго энчилүү мамлекеттик унаа номурларын сатты. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 11-ноябрь күнү саат 11:11ден 17:11ге чейин энчилүү мамлекеттик номурлар nomer.srs.kg сайтындагы онлайн-аукцион аркылуу жалпы 45 номер 780 миң сомго сатылган. Андан түшкөн каражаттын 91 пайызы мамлекеттик бюджетке которулат.

"Биз кечээ сайттын жаңы рейтингин чыгардык. Эми унаа сүйүүчүлөр АВА, ООО деген сыяктуу өздөрүнө ылайыктуу тамгаларды тандаса болот. Кээ бир тыюу салынган тамгалар да бар. Алар туура эмес сөздөр болуп калышы мүмкүн, ошондуктан аларды тандаганга болбойт. ОРА, BАО деген тамгаларды тандаса болот. Кечээ 6 сааттын ичинде аукциондо 45 номер 780 миң сомго сатылды. Азыркы учурда 2 миллион 604 миң сомго 158 номер энчиленди. Алардын ичинен 79 номер 365 миң сомго сатылды. Андан тышкары энчилегени 287 номер болсо, бардык сумма 13 миллион 802 миң сомго жалпы аукцион белгиленди. Комбинациянын баасы 230 тамга болсо, мисалы, РРР же ООО тамгасы алар 30 миң сом болот. Эгер тамгалар ар кандай болсо, (мисалы, АВА деген сыяктуу) аларга көрсөтүлгөн сумма 12 миң сом болот. Унаа сүйүүчүлөр эми кезек күтпөстөн өздөрүнө ылайыктуу номерлерди ала алышат", - деди мекеменин директору Рыскулбек Осмоналиев.

5 популярдуу энчилүү унаа номурларындагы тамгалар:

- AMG;

- OOO;

- BMW;

- VIP;

- BBB.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: