Ак Үй өрттөлгөндөн бери бүгүн биринчи жолу ал жакта Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат




Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь окуясында өрттөлүп кеткенден кийин биринчи ирет Ак Үйгө чогулду. Анда инвестицияларды колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маселе каралганы маалымдалды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын аталган имараттын батыш залында өткөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйындары Ак Үй өрттөлүп, жыйынга топтолуу мүмкүн эместигинен улам "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.