БШК: "Эгерде шайлоо жокко чыгарыла турган болсо, күрөөнү кайра кайтарып берүү тууралуу мыйзамда каралган эмес"
Эгерде шайлоо жокко чыгарыла турган болсо, күрөөнү кайра кайтарып берүү тууралуу мыйзамда каралган эмес. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, бул маселе азыркы учурда чечиле элек.
"Эгерде шайлоо жокко чыгарыла турган болсо, күрөөнү кайра кайтарып берүү тууралуу мыйзамда каралган эмес. Ошол себептүү БШК тарабынан Жогорку Кеңешке атайын кайрылуу жолдонгон. Анда алар бул маселени кандайдыр бир деңгээлде карап берүүсү жана күрөөнү кайра кайтарып берүү боюнча буйрук чыгарып берүүсү тууралуу жазылган.
Азыр атайын буйрук чыкпаганына байланыштуу мен БШКга өзүмдүн сунушумду киргизгем. Биз баары бир күрөөнү кайтарып берүүбүз керек.
Мен мамлекеттик органдарда да кандайдыр бир жоопкерчилик болуш керек деп эсептейм. Алар өз убагында чараларды көрүүсү керек болчу. Ошол үчүн күнөө мамлекеттик органдарда болгондугуна байланыштуу саясий партияларга күрөө кайтарылып берүүсү керек.
Биз азыр кандайдыр бир нормаларды иштеп чыгып, ченемдик укуктук актыларды кабыл алып, ошонун негизинде анан күрөөнү кайтаруубуз керек. Бул маселе жакынкы арада чечилиши керек. Ал эми менин сунушума кесиптештерим кандай колдоо көрсөтөт билбейм", - деп билдирди Гүлнара Журабаева.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлгөн 4-октябрдагы парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү митингге чыгышкан.
Митингдин кесепетинен өлкөдө башаламандык орун алып, натыйжада шайлоо расмий түрдө жокко чыгарылган.
Кечээ, 11-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
