super.kg logo

Садыр Жапаров SUPER.KG'нин суроосуна жооп берди: "Улут аралык жаңжалдын алдын алуу үчүн түштүк жергесине бардым"

 

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Анда SUPER.KG порталынын журналисти Жылдыз Джускембаева Садыр Жапаровго "Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчууда. Буга карабастан сиз аймактарды кыдырып жолугушууларды уюштуруп жатасыз. Айрымдары сиздин бул ишиңизди шайлоого карата даярдык деп баалашууда. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?", - деген суроо берди.

Садыр Жапаров: "Мен түштүк жергесин кыдырып келдим. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын. Анткени, ушул башаламандыкты пайдаланып, улуттар аралык жаңжал чыгарып ийүүчү күчтөр пайда болду. Андан сырткары чек-арада жаңжал чыгарабыз деген дагы күчтөр пайда болду. Бул бүгүнкү COVID-19дан дагы коркунучтуу нерсе. Эгерде улут аралык жаңжал чыгып кетсе анда коронавирус биякта эле калып калат да. Ошон үчүн биз кайсынысы коркунучтуу болсо, ошол ишти жасашыбыз керек. Мен ошону жасоо максатында эл менен көзмө-көз жолугуп, түштүк тарапты кыдырып келдим.

Ал эми, түндүк тарапты мен кыдырган жокмун. Нарынга болсо биз чогулушту пландаштырган эмес элек. Менин барарымды угуп элдер чогулуп алыптыр. Алар эмне үчүн жабык эшик артында сүйлөшөт деген талаптарды койгон экен. Мындан улам, мен өзүм эшикке чыгаргыла, эл менен жолугалы деп буйрук бердим", - деп жооп берди Жапаров.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: