super.kg logo

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саатта 25 миң 200 сап Манас айтышы мүмкүн экендиги айтылды

 

Бүгүн, 12-ноябрда "Ала-Тоо" борбордук аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков Манас айтып жатат. Ал 14 саат бою токтобой, тынымсыз улуу баянды айтып, "Гиннесстин рекорддор" китебине кирүүгө аракет кылууда.

Анын канча сап Манас айтканы боюнча алдын ала божомолдор айтылууда. Манасчы Азиз Биймырза уулунун айтымында, 14 саатта 25 миң 200 сап айтылышы мүмкүн.

"Кудай буюрса, манасчы Дөөлөт Сыдыков Манас атабыздын баянынан 25 миң 200 сап айтканы турат, мындан да көп болушу мүмкүн.

Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев 3 мүнөттө 90 сап ыр болот деген маегин окугам. Залкарлардын айтканы боюнча эсептегенде бир мүнөттө 30 сап, бир саатта 1800 сап, 14 саатта 25 миң 200 сап болот экен. 25 миң 200 сап 4 саатка эсептегенде 6 миң 300 куплет ыр болот.

Театрларда бир чоң спектакль 2 саат чамасында ойнолот. Ал дагы бир антракт менен, ал эми манасчыбыз 7 спектаклди болгондо дагы антрактсыз аткарып жатат. Драма, трагедия, комедия, лирика, мелодрама, мюзикл, саундрама, мистерия, пастораль, феерия, флиаки сыяктуу жанрлардын бир нече түрүн өз ичине камтып жатат", - деди манасчы Азиз Биймырза уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: