super.kg logo

Бишкекте тойканалардын иштөөсүнө расмий түрдө уруксат берилиши мүмкүн. Коопсуз иштөөнүн алгоритмин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү

 

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкерлер, ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, банкеттик ресторандар жана иш-чараларды уюштуруучулар ассоциациясынын төрагасы Муратбек Арстанов ишкерлердин банктарга ири карыздары бар экендигин, алар салык төлөшү керектигин билдирип, банкет залдарын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкерлердин сунушун колдоп, коопсуз ишти уюштурууга жоопкерчиликтүү мамиле жасаса, муниципалитет ресторан бизнесине жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Балбак Түлөбаев жумушчу топ түзүп, 10 күндүн ичинде банкет залдарынын иштөө шарттарын текшерип чыгууну тапшырды. Топтун төрайымы болуп социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева дайындалды, топтун курамына ишкерлер, рестораторлор, райондук акимиаттардын, санитардык-экологиялык инспекциянын, ИИБдин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер киришет.

"Биринчиден, ресторандын иштөө алгоритмин жаңыртуу зарыл, милдеттүү түрдө кирүү фильтрлери, кызматкерлердин ден соолугуна туруктуу көзөмөл жүргүзүү, ПЦР-тестирлөөсү, жайларды зоналарга бөлүштүрүү жана башкалар. Биз пандемия шарттарында жашоону жана шаардын экономикасын сактап калууну үйрөнүшүбүз керек", - деп билдирген Түлөбаев.

Ошондой эле жыйында шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды жана коомдук тамактануучу жайлардын, кафелердин, ресторандардын жана банкет залдарынын коопсуз иштешинине мүмкүн болгон алгоритмдерди талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: