Садыр Жапаров: "Өлкөнүн тышкы карызын төлөшөбүз деген жарандар бар"
Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда Садыр Жапаровго журналист тарабынан "Каржы министрлиги тарабынан тышкы карызды төлөө үчүн элден каражат топтоо боюнча мыйзам долбоору даярдалганы белгилүү болду. Албетте, каалагандар каражат которсо болот. Бирок, ошол эле учурда буга каршылар дагы болуп жатат. Мамлекеттин карызын элден чогултуу туурабы?", - деген суроо берилди.
"Элден каражат топтоо боюнча мыйзам деген туура эмес. Бул мыйзам эмес. Жөн гана Каржы министри президенттин фонду деп эсеп ачты да. Муну элдер суранды. Биз дагы Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызынан кутуулусуна салым кошолу деп бизнесмендер, колунда барлар суранганынан эсеп ачылды. Анан, албетте каршылар дагы бар. Бирок, каршыларды силер да салымыңарды кошкула деп эч ким кыйнабайт. Бул жөн гана элдин суранычы менен ачылды", - деди Жапаров.
