"Балдар үчүн ишеним телефонуна" 10 айдын ичинде 119 миң 178 кайрылуу түштү
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020-жылдын 10 айында 119 миң 178 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 390 чалуу) түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпы чалгандардын ичинен 114 миң 447 абонент номерди туура эмес терип, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), "Тез жардам", милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.
Ал эми 4 миң 731 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалганы маалымдалат.
"4 миң 731 чалуунун ичинен эркектерден – 1 миң 087 (же 22,9%), аялдардан – 3 миң 644 (же 77,1%), балдардан – 884: анын ичинен эркек балдардан – 260 (же 29,4%), кыздардан- 624 (же 70,6 %) кайрылуу түшкөн. Кайрылуулардын географиясы боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочуларынан көбүрөөк чалуу болгон.
Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 118 абонентке телефон аркылуу борбордун кызматкерлери консультация берген, 6 факты анык болуп, 20 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 1 факты боюнча ата-энесине кылмыш иши козголгон, 1 психологиялык зомбулук көрсөткөн факт аныкталып, баланын атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, абонент милицияга арыз менен кайрылган.
2019-жылдын 10 айы (1523 чалуу) менен 2020-жылдын 10 айына салыштырганда чалуулардын саны 3,1 эсеге көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби 2020-жылдын 22-мартынан тартып республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоого байланыштуу өзгөчө кырдаал жана 25-мартынан тарта өзгөчө абал киргизилгендиктен, ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу балдардын психологиясы, мээримдүү тарбиялоо, үй-бүлөнүн бейпилдигин сактоо тууралуу мааалыматтарды жайылтуу болгон", - деп жазылат маалыматта.
