super.kg logo

Блогер Элмир Сыдымановго козголгон иш боюнча сот отуруму өттү

 

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун ишине байланыштуу сот отуруму болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, кийинки соттук отурумга атайын эксперттер чакырылды.

"Бүгүнкү соттук отурумда жактоочунун өтүнүчү канааттандырылып, кийинки сотко атайын эксперттер чакырылгандыгына байланыштуу соттук отурум 18-ноябрга саат 14:00гө жылдырылды", - деп билдирди Жогорку Соттон.

Белгилей кетсек, акыркы жолу соттук жараян 8-июнда өтүп, анда Сыдымановго карата психиатриялык-психологиялык-лингвистикалык комплекстүү экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим чыккан.

Окуянын чоо-жайы:

Инстаграмда Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргыз өлкөсүнүн айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Элдин нааразычылыгын жараткан блогер кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган.

28-февралда ал үй камагына чыгарылган.

8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүш керек экенин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Буга чейин Сыдымандын соту бүгүн 12-ноябрга белгиленип, ал Садыр Жапаровдон жардам сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
12.11.2020. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асылбек Жээнбековду да соттогула "аркалык алкаштар" деп айткан созу учун. Закон баарына бирдей болсун.
forever88 түзөттү 2020-11-12 23:01:59
13.11.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асылбек Жээнбеков да жооп берсин
13.11.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Закон баарына бирдей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: