Дзюдо боюнча курама команда Ысык-Көлдө даярданышууда
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын 2020-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык, ошондой эле, рейтингдик Азия чемпиондугуна даярдык көрүү максатында Кыргыз өлкөсүнүн дзюдо боюнча улуттук курама командасы Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жыйын 2020-жылдын 11-ноябрында старт алып, 25-ноябрга чейин уланат.
Белгилей кетсек, улуттук курама команданын окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.