Дагы 3 талапкер президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз калтырды. Алар кимдер?
Президенттик шайлоого өзүн-өзү талапкер көрсөткөндөрдүн саны дагы 3кө өстү. Муну менен талапкерлердин саны 20га жетти.
БШКнын маалыматына ылайык, бүгүн, 12-ноябрда Г.Мерцбахер атындагы коомдук-экологиялык мөңгүлөрдү сактоо "Мөңгү" фондунун президенти Урустам Кабылбековдон арыз түштү. Урустам Кабылбеков 1962-жылы төрөлгөн.


Талапкерлердин катарын 1984-жылы туулган, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов толуктады. Ал убактылуу эч жерде иштебейт.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз, Элеонора Турдубекова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттикке ат салышуудан баш тартканы белгилүү болду.
















1 |