Депутат экономикалык кылмыштар боюнча өндүрүлгөн каражаттар бюджетке кайтарылыш керек экендигин айтты
Депутат Наталья Никитенко экономикалык кылмыштар боюнча өндүрүлгөн каражаттар бюджетке кайтарылышы керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин чечими жана өкмөттүн токтомунун негизинде акыркы жылы түшкөн 2 миллиард сом Бирдиктүү депозиттик эсептеги каражат укук коргоо органдарында калтырылбастан, түз республикалык бюджетке кайтарылышы керек.
"Мындагы карама-каршылыкты жоюу үчүн Бюджеттик кодекске тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынууда" - деди Наталья Никитенко.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.