Кыргызстандык спортчулар шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында акыркы беттештерин өткөрдү
Түркиянын Коджаэли шаарында 20 жашка чейинкилер арасында шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда акыркы 13-турдун оюндары жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Анда эркектер арасында Жохар Жанбай уулу акыркы 13-турда тең чыгып, жалпы 117 катышуучунун ичинен 5,5 упайы менен 81-орунду ээледи. Ал эми кыздар арасында 13-турда Айжаркын Шынгыс кызы тең чыкса, Айжан Алымбай кызы утулуп, жалпы жыйынтыкта Айжаркын Шынгыс кызы 58-орун, Айжан Алымбай кызы 59-орунду ээледи.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			
				 8:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














