super.kg logo

Ош шаарында жыл аягында 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет

 

Ош шаарында жыл аягында 500 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы курулуш объектилерин кыдыруу учурунда Ломоносов мектеп-гимназиясынын 500 орундуу жаңы окуу имаратынын курулушун текшерди.

Шаар жетекчиси курулуш материалдарынын сапаты, мектеп класстарына эмеректерди чогултуу менен таанышып, куруучулар менен алардын көйгөйлөрү жөнүндө маектешти.

Таалайбек Сарыбашов бул мектеп шаардын борборунда жашаган балдарды мектепке жайгаштыруу маселесин чечүүгө жардам берерин баса белгилеп, бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасын берди.


Графикке ылайык, объект ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: