Садыр Жапаров жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы ЖККУнун алкагындагы ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө артыкчылыктуу маани бере тургандыгын жана Уюмдун аймактагы коопсуздуктун иштиктүү механизми катары дареметин бекемдөөгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась өз кезегинде ушул жылдын декабрь айына өткөрүү пландаштырылган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле Уюмдун жакынкы мезгилге артыкчылыктуу багыттары тууралуу кабарлады.
Садыр Жапаров кыргыз тарап ЖККУнун ордун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экенин баса белгилеп, ошондой эле пандемияга байланыштуу социалдык-экономикалык оор абалга карабастан Кыргыз Республикасы ЖККУнун бюджетине төгө турган мүчөлүк төлөмүн төлөө боюнча бардык милдеттерин толук аткара тургандыгын белгиледи.
