super.kg logo

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс Окенова: "Атайлап деле даярданган жок. Себеби жашоодогу башкы максаты манасчылык миссия"

 

Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннес рекорддор" китебине кирүү үчүн "Ала Тоо" аянтында "Манас" эпосунан үзүндү айтууну улантууда. Азыркы тапта манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат бою тынымсыз Манас айтып, рекордду жаңылады

Аянттагы эл, белгилүү инсандар суукка карабай, манасчыны колдоп, сүрөөн менен турушат.

Алардын арасында Дөөлөт Сыдыковдун жубайы,режиссер Ырыс Окенова дагы толкунданып турганын жашырган жок. SUPER.KG порталы манасчынын жубайын сөзгө тартты.

- Саламатсызбы Ырыс эже, Дөөлөт Сыдыков тынымсыз манас айтуу үчүн кандай даярдыктарды көрдү?

Негизи атайлап деле даярданган жок. Себеби жашоодогу башкы максаты манасчылык миссия. Ал дайыма Манасты ойлоп, Манас деп ойгонуп, Манас деп жатып, Манасты даңазалайм деп жашап келет. Андыктан өзгөчөлөнүп даярданды. Ага уюштуруу иштери да кирип кетти. Салттуу манасчылыкты аркалаган, аян алган манасчы катары өзүндө бар нерсени чыгарууга гана камынды.

- Тамак же бир тамчы суу ичпей Манас айтуууда. Тамак жаатында кандай даярдык болду?

Өзү тамакты ылгайт. Көбүнесе нукура тамак-ашты, кыргыз ашканасын жактырат. Анын ичинен тайдын эти жеңил, же чучук жесе, кымыз, бозо ичсе күч кубат берет деген нерселерди эске алдык. Себеби күлүктү таптаганда деле саяпкери чуркаганда жеңил, ыкчам болгудай шарт түзүп, тамагынан бери карайт эмеспи. Ошондой эле Дөөлөт дагы "Манасты" көбүрөөк айтайын, денеде оордук болбосун деген ойлор менен камынды.

- Жубайы катары толкунданып жатсаңыз керек.

Ооба, аябай толкунданып жатам. Ушул күн ыроолонгонго абдан кубанычтамын. Кыргыз элинин келип коштоп, кубаттап, Дөөлөттүн салттуу Манасты аркалаган манасчы экенин билип, сыйлап, ушул жерде ураан чакырып турганына ыраазымын. Мен дагы Дөөлөттүн көз-карашын тең бөлүшөм. Аны сыйлайм. Чыныгы Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирген таза инсан деп баалайм!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(4)
13.11.2020. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азаматсың Дөөлөт
Мобу жанагы кино режиссер Ырыс Окенова ошонун жубайы болот экен да ээ. Ырыс өзү 1979- жылкы болсо тиги манасчы Дөөлөт Сыдыков 1983жылкы мм боло берет экен да аа
13.11.2020. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asmat84,а эмнеге болбойт? Балтылуулукка жаш эч качан тоскоол болбойт,албетте аша чаап кеткен 20-30 жаш эмес.Бирок бироонун билбеген сырын аны айтып жарыялоо эн чоон куноо.
13.11.2020. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Attary jakwy eken, Yrys, Doolot..
13.11.2020. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Доолот байке ийгиликтерди каалабйбыз жанан терен ыраазычылк билдиребиз, кыйын учурда кыргыздардын жакшы жагын чет олколорго корсотконунуз учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: