super.kg logo
  Спорт  

UFC 255: Эже-сиңди Шевченколор беттешке даяр экендигин билдиришти

 

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко менен анын бир тууган эжеси Антонина Шевченко 21-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турчу UFC 255 турнирине толугу менен даяр. Бул тууралуу Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Эже-сиңдилер турнирге даяр", - деп жазган Шевченко.

Бул турнирде Валентина Шевченко 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майя менен чемпиондук кур үчүн беттешсе, ушул эле турнирде Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски аттуу мушкер айым менен беттешет.

Валентина Шевченко өзүнүн акыркы беттешин 9-февралда UFC 247 турниринде америкалык мушкер Кэтлин Чукагянга каршы өткөргөн. Анда Шевченко атаандашын 3-раундда нокаутка учуратып, чемпиондук курун коргоп калган.

Ал эми Антонина Шевченко өзүнүн акыркы беттешин 31-майда Кэтлин Чукагянага каршы өткөрүп, упайлардын айырмасында утулуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.11.2020. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: