Бишкектеги Жал кичи районуна жылуу суу берүү авариядан улам токтотулду
Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарындагы Жал кичи районуна авариядан улам жылуу суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу жарандар! "Бишкекводоканалдагы" авариялык иштерге байланыштуу, "Бишкекжылуулук" 13-ноябрда Жал кичи районунун жашоочуларына жылуу сууну берүүнү авариялык жумуштар бүткөнгө чейин токтотууга аргасыз болушат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.