super.kg logo

"Сапат" билим берүү мекемелеринин ордун ээлейт делген "Маариф" фонду менен келишим түзүлдү

 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсү менен "Маариф" фондунун ортосунда билим берүү мекемелерин ачуу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, келишим 2018-жылдын 1-сентябрында макулдашылган меморандумдун алкагында түзүлүп, Кыргыз жеринде билим берүү мекемелеринин курулуш иштерин баштоого өбөлгө түзөт.

"Долбоор 2 жыл аралыгында 2 өлкөнүн тиешелүү министрликтери жана ведомстволору тарабынан тыкыр иликтенип, электен өттү. Макулдашуу кыргыз-түрк достугунун мындан ары да бекемделишине шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Түркиянын "Маариф" фонду тарабынан ачылган билим берүү мекемелери дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекеттеринде иштеп келе жатат. Аталган фонд менен Билим берүү министрлигинин ортосундагы меморандумга 2018-жылы түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Эрдогандын Бишкекке болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында түрк элчиси Женгиз Камил Фырат "Сапат" билим берүү мекемесинин мектептери "Маарифтин" карамагына өтөрүн айткан. Анын билдирүүсүн Билим берүү жана илим министрлиги жокко чыгарып, түрк дипломаты Тышкы иштер министрлигине чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.11.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сапат мектептерине Асылбай ишиңерди кылгыла, көрөбүз эми Маариф кандай билим берээрин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: