super.kg logo

"Күздө башталды эле кышта бүттү". 14 сааттан ашык Манас айткан Дөөлөт Сыдыков тууралуу интернет колдонуучуларынын пикирлери

 

"Манас айтуу күз мезгилинде башталды эле кышта бүттү". Социалдык тармактарда мындай позитивдүү пикирлер тынымсыз жазылып, улуу манасчы Дөөлөт Сыдыков менен сыймыктанышаарын билдирип, толкундануу сезимдери дагы да токтобой жаткандарын жазышууда.

SUPER.KG порталы социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жазылган кызыктуу пикирлерди топтоду.

"Дөөлөт Сыдыков дүйнөнү дүңгүрөттү. Бүгүн Манас айтылып жамгыр да, кар да жаады. Бардык жамандыктан тазалангандай эле сезим болду", - деген өңдүү жылуу пикирлерди калтырышууда.

Белгилей кетсек, кечээ 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпей Манас айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылды.

Ал эми улуу манасчыны күндүн суугуна, кардын жаашына карабастан Бишкек шаарынын тургундары жашы кары дебестен колдоп, сүрөп турушту. Алардын катарында бир катар өнөр адамдары, белгилүү инсандар ошондой эле шоу чөйрөсүндөгү жылдыздар да жүрүштү.

Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы Ырыс Окенова жолдошу бул иш-чарага атайылап деле даярданбаганын, анын жашоодогу башкы максаты "манасчылык миссия" экендигин билдирген. Арадан туура 14 саат 27 мүнөт өткөндө Дөөлөт Сыдыковдун Манас айтуусун токтотушкан.

Манасчынын абалы туруктуу экендигин жеринде жүргөн "Тез жардам" кызматкерлеринин дарыгерлери билдирген.

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу болгон бул рекордду таңдан түнгө чейин SUPER.KG порталы чагылдырган видоенун шилтемеси.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
13.11.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Манас Атабыздын касиети колдосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: