super.kg logo

"Орто-Сай" базарында өрт катталгандан бери 4 күн өттү. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда

 

9-ноябрга караган түнү Бишкектеги "Орто-Сай" базарында өрт чыккан. Кырсык катталгандан бери 4 күн өттү, азырынча өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Ал эми зыян тарткан соодагерлер арыз менен Октябрь РИИБине кайрылган. Алардын арызы сотко чейинки ачылган өндүрүшкө тиркелгенин Октябрь РИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында шектүүлөргө тиешелүү юридикалык баа берилет", - деди маалымат кызматынан.

Базардан чыккан өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, өрттүн андан ары башка объектилерге жайылышына жол берилген эмес. Өрт эртең менен саат 08:55те толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМнын маалыматына ылайык, болжол менен өрттөн имараттын жалпы 1 миң 800 чарчы метр жер аянты күйгөн.

Бишкек ШИИББинен базардан чыккан өрт боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: