super.kg logo

Жогорку Сот 8-мартта өткөн аялдардын жүрүшүндөгү мурунку чечимди жокко чыгарды

 

Жогорку сот 8-мартта Бишкекте өткөн "Аялдардын тилектештик маршында" милиция кызматкерлеринин аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун жана Свердлов РИИБинин чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов РИИБинин кызматкерлеринин митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтотту.

Белгилей кетсек, быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган жүрүш болгон.

Кийин аталган марштын жүрүшүндө ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акциянын өтүүсүнө тоскоолдук кылышкан. Ал эми буга чейин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айып пул төлөөгө милдеттендирилгенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.11.2020. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен тушунбодум
13.11.2020. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанда бир да аял киши ар кандай салттуу, диний тушунуктордун курмандыгы болбош керек. Аял кишинин жеке жашоосуна кийлигишип, ар кайсы диний тушунукторду тануулап, чектоолорду танууланбасын.
13.11.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
asyl1998,Аялдарга гана эмес эркектердин да табыйгаттан берген мыйзамы бар.Аялдар аялга үйлөнүп,эркектер эркекке үйлөнгөн динде эле эмес жашоодо туура эмес.Демократия деп баарын кыла берсе,өлкөбүз чочкокана болуп кетпейби...
Сен эч качан жакшы нерсе жазган эмессин.Балким башкалардын жинине тийиш үчүн жазып жатасын.Бирок сени көбү оорукчан байкуш деп түшүнөт.
Mister-XXX түзөттү 2020-11-13 16:19:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: