super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Неймар "Барселона" клубун кайрадан сотко берди

 

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар мурда ойноп кеткен каталондук "Барселона" клубун 2016-жылы келишимдин узартылышы үчүн бонус катары 43 миллион 600 миң евро талап кылып, кайрадан сотко кайрылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

28 жаштагы футболчу буга чейин "Барселона" клубун 2016-жылы келишимдин узартылышы үчүн бонус катары 43 миллион 600 миң евро төлөп берүү боюнча сотко кайрылган. Футболчунун доо арызы каралгандан кийин анын талаптары четке кагылган. Мындан тышкары, Неймар өзү Барселонага 6 миллион 700 миң евро төлөөгө милдеттендирилген.

Маалым болгондой, бразилиялык чабуулчунун жактоочулары соттун бул чечимине каршы даттанып, "Барселонадан" бонустарды төлөтүп берүү өтүнүчү менен кайрадан сотко кайрылышкан.

Неймар "ПСЖ" клубуна "Барселонадан" 2017-жылдын жай айында 222 миллион еврого өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
14.11.2020. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кетчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: