super.kg logo

Бишкекте 12 жаштагы Аида Суерова дайынсыз болуп изделүүдө

 

Бишкектин Тунгуч кичи районунда 12 жаштагы Аида Суерова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу изделип жаткан Аиданын жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм 12-ноябрда саат 14:00 чамасында Тунгуч кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Үйдөн чыгып кеткен күнү Аида хиджап, кара түстөгү куртка, саргылт саркеч спорттук кийим, кара шым, бутуна кара бут кийими менен чыккан.

Белгилери: бою 140-145 сантиметр, салмагы 40 килограмм, арык.

Милиция кызматкерлери Аида тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 (755) 07-47-20, 0 (555) 23-04-90.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: