Министрлик: "Медициналык окуу жайларды Пакистандын кара тизмесинен чыгаруу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат"
Медициналык жогорку окуу жайларды Пакистандын кара тизмесинен чыгаруу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык окуу жайларын Пакистан Ислам Республикасы кара тизмеге киргизип, өзүнүн жарандарына ал ЖОЖдорго тапшырбоону сунуштаган. Бул жагдайды тез арада жөнгө салуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги тиешелүү ЖОЖдор менен бирге "жол картасын" иштеп чыккан. Анын негизинде учурда бир катар комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Алар:
- ЖОЖдор көрсөткөн билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо;
- материалдык-техникалык жана клиникалык-лабораториялык базанын болушун камсыздоо;
- профессордук-окутуучулук курамдын окуу программаларынын талаптарына жооп беришин көзөмөлдөө;
- көз карандысыз аккредитациянын болушу.
Ошондой эле жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары менен чогуу пакистандык студенттердин Кыргыз өлкөсүндөгү окуу жана жашоо шарттарын түзүү, жакшыртуу боюнча комплекстүү иштер жасалары кошумчаланган.


1 |