Саламаттыкты сактоо министрлигине жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашуун каражатты түзгөн медициналык жабдыктар берилди
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине диабетиктер үчүн, тагыраагы, диабет таманы синдрому менен жабыркагандарды аныктоо жана дарылоого медициналык жабдыктар берилди. Жабдыктарды "Хелп Эйдж Интернешнл" уюму берген. Аталган уюмдун Кыргыз өлкөсүндөгү филиалынын өкүлү Нурдин Сатаровдун айтымында, көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашат.
Буга чейин өлкөдө диабет таманы синдрому менен жабыркагандар үчүн өзүнчө кабинет болбогонун Республикалык эндокринологиялык диспенсердин башкы дарыгери белгиледи.
Диабет таманы синдрому - буттун таманынын кан тамырларынын, нервдеринин жана сөөк-булчуңунун кант диабетинин кесепетинен патологиялык өзгөрүүлөрүн, акырында буттун жабыркаган бөлүгүнүн чирүүгө (гангрена) дуушар болуусун белгилөөчү термин.
