super.kg logo

O!TV "көңүл ачуулар" категориясында кыргызстандык эң популярдуу тиркеме болуп калды

 

O!TV мобилдик тиркемеси Кыргызстанда иштелип чыккан эң популярдуу көңүл ачуучу тиркемелердин рейтингинин баш сабында турат. Google Play дүкөнүнүн статистикасына ылайык, 2020-жылдын октябрь айынын аягына карата Android базасындагы түзүлүштөрдүн колдонуучулары O!TV тиркемесин бир миллиондон ашуун жүктөп алышты.

O!TV, интернет болгон бардык жерде – үйдө, жолдо же дачада болсун мыкты сапаттагы 160тан ашуун дүйнөлүк телеканалдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аларды каалаган түзүлүштөрдө – смартфондо, планшетте, ноутбукта же Smart TV платформасындагы Sony, Phillips, Samsung телевизорлорунда көрсө болот.

Мультискрин

Бир үй-бүлөдө болгону бир эле O!TV аккаунтунун (бир логин жана шартбелги) болушу жетиштүү, ал эми мультискрин функциясынын жардамы аркылуу сервис менен ар башка түзүлүштөн дароо 3 үй-бүлө мүчөсү колдоно алат.

Акысыз O!TV Окутуу

"O!TV Окутуу" топтому мурункудай эле бардык О! абоненттери үчүн акысыз. Анын жардамы менен КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган телесабактарды көрө аласыздар.

Спорттук берүүлөр + эксклюзив!

O!TV менен сиз Setanta Sport, QSport жана башка телеканалдардагы дүйнөлүк футболдук чемпионаттарды жана спорттук турнирлердин түз берүүлөрүн өткөрүп жибербейсиз. Эксклюзивдүү UFC ТВ телеканалы көптөн күткөн таймаштарды көрсөтөт. Баса, эки күндүк көрсөтүүлөрдүн архиви жеткиликтүү, ошондуктан эфирди өткөрүп жиберүү деле коркунучтуу эмес. Каалаган учурда көрсөтүүнү паузага коюу менен кийинчерээк көрүүнү улантса болот.

О! абоненттери үчүн телеканалдарды көрүүдө интернет-трафик акысыз, ал эми тандоо үчүн түрдүү топтомдор жеткиликтүү:

  • "O!TV Баштапкы" топтомунун алкагында суткасына болгону 3 сомго 40 ТВ-каналы. Кошуу буйрутмасы:*750*1#;
  • "O!TV Стандарт" топтомунун алкагында суткасына болгону 5 сомго 100 ТВ-каналы. Кошуу буйрутмасы:*750*2#;
  • "O!TV Премиум" топтомунун алкагында суткасына болгону 7 сомго 160тан ашуун эң кызыктуу жана рейтингдик каналдар. Кошуу буйрутмасы: *750*3#;

Смартфонуңуздагы кинотеатр

Сиз миңдеген кинофильмдерди таба ала турган кошумча «О!Кино» сервисин кошуп алсаңыз болот, алар: акыркы жылдардын кинотасмалары, престиждүү премиялардын лауреаттары, бүйүр кызыткан экшен-блокбастерлер, мультфильмдер, сериалдар. Мульфильмдердин арасында сүйүктүү мультиктер жана чет өлкөлүк жаңылыктар орун алган.

«О!Кино» сервисинин алкагында суткасына болгону 7 сомго фильмдердин, мультфильмдердин, сериалдардын, ТВ-шоулардын, илимий-популярдуу жана башка көрсөтүүлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз: *755*2#чакыруу.

Көрүүсү жана угуусу начар адамдар дагы «О!Кино» кызматынын жардамы менен фильмдерди «көрө алышат».

Көп миңдеген фильмдердин жана көрсөтүүлөрдүн ичинен начар уккан телекөрүүчүлөр үчүн сурдо котормо (жаңсоо котормосу) менен, ал эми начар көргөн адамдарга тифлокомментарийлер менен (фильмдердин визуалдык образдарын сөз менен, башкача айтканда, видеокатарды кадрдын аркасында баяндоо), менен ыңгайлаштырылган фильмдерди жана көрсөтүүлөрдү тапса болот.

START видеосервиси

Буга кошумча сиздерге телеканалдардагы эфирине чейин эң мыкты россиялык фильмдер, эксклюзивдүү бет ачарлар, комедиялык сериалдар да жеткиликтүү болот. Сиз суперсапаттагы Full HD видео жана добушка ээ болосуз + толугу менен жарнамасыз.

O!TV тиркемесин шилтемелер аркылуу PlayMarket же AppStore платформаларынан жүктөп алыңыздар.

O!TV — телевидениеге жаңы көз караш!

O!TV тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу көбүрөөк маалыматты otv.kg сайтынан билсе болот. Баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. O!TV кызматынын алкагында телеканалдар, мазмуну жана контент «Диас ТВ» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: