Прокуратура Мамкаттоо кызматынын өкүлүнө кылмыш ишин козгоду
Мамлекеттик каттоо кызматынын Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жооптуу кызматкерине прокуратура кылмыш ишин козгоду. Муну Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 24-сентябрда ШИИББинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмүнө Асан Х. аттуу жаран арыз менен кайрылыптыр. Ал автоунаасын каттоо үчүн аталган департаменттин кызматкерлери 5 миң сом талап кылып жатканын айтат. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, департаменттин башкы адиси пара алып жаткан учурда кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тергөө жүргүзүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Shai

27.09.2013. 14:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми чондорду да кармасанар болот. Депутат Министрлерди кармагылачы суранабыз. Чабактарды кармап атасынар. милиондорду жегендердин да ээсин таанытып койгулачы.
Chtc

27.09.2013. 19:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым жаранга беш миң сом деле акча да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.