Бишкекте изделип жаткан 12 жаштагы кыз табылды
Милициянын кайгуул кызматкерлери дайынсыз изделип жаткан 12 жашар А.С. аттуу кызды таап, жакындарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 12-ноябрда саат 14:00 чамасында өспүрүм кыз Тунгуч кичи районундагы үйүнөн
чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Активдүү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бүгүн, 13-ноябрь күнү саат 16:30 чамасында, Тунгуч кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табылып, ата-энесине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.