super.kg logo

Баткен-Согди облустарынын жетекчилери чек ара маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү

 

Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-12-ноябрь күндөрү өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов баштаган жергиликтүү бийлик жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажик Республикасынын Согди облусунун төрагасынын орун басары Бахавиддин Бахадырзода жетектеген жетекчилер тобу Кыргыз-Тажик чек арасында жолугушуу өткөргөн.

"Баткен-Согди облустарынын жетекчилери, пандемиядан улам жыл башынан бери Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара маселелерине байланыштуу жолугушууларда тыныгуу болгондуктан топтолгон бир катар маселелерди талкуулоо үчүн жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда тараптар акыркы учурда чек аралаш аймактарда орун алып жаткан нааразычылыктардын себептери тууралуу сүйлөшүштү. Жетекчилер Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жумуштары аяктаганга чейин, тактала элек аймакта курулуш курбоо, зарыл болгон курулуштарды өкмөттөр аралык комиссиянын кароосуна коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Ошондой эле тактала элек аймактарда кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоодон мурда кошуна өлкөнүн тийиштүү органдарына маалымдоо керектиги дагы бир ирет белгиленди. Жетекчилер чек аралаш аймактагы элдин коопсуздугу үчүн чыр-чатактарга жол бербөө, анын себептерин аныктоо менен жаралган көйгөйлөрдү биргеликте чечүү боюнча макулдашышты. Ал эми кыргыз-тажик элинин ынтымагын, кошуналык карым-катнашын бекемдөө боюнча пикир алмашышты", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: