super.kg logo

Жаштар жана спорт жаатында кызматташуу боюнча Түрк кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү

 

12-ноябрда Түрк кеңешинин жаштар жана спорт жаатында онлайн форматта кызматташуу боюнча жумушчу тобунун төртүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мамлекеттик агенттиктин атынан жыйынга эл аралык жана тармактар аралык кызматташууну координациялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Дозоев, жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз-ара аракеттенүү бөлүмүнүн начальниги Мураталы Учкемпиров, спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков катышты.

Жыйындын жүрүшүндө "Көп тараптуу жана эки тараптуу жаштар арасындагы жумуш алмашуу программалары боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун" аткарылышы талкууланды.

Азербайжан тарап түрк мамлекеттердин спорт ыктыярчыларынын 1-онлайн саммитин өткөрүү боюнча өз сунуштарын билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары 2021-жылга пландаштырылган Түрк кеңешинин жаштар жана спорттук иш-чараларын талкуулашты. Алар: IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк универсиадасы, Жаш ишмерлеринин форуму, жаштар платформасынын экинчи Генералдык ассамблеясы, төртүнчү Эл аралык жаштар фестивалы, бешинчи Эл аралык жаштар лагери, Жаш лидерлердин үчүнчү форуму, ыктыярчылык боюнча биринчи окутуу программасы.

Тараптар күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулап, пикирлер жана сунуштар менен алмашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: