super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде 9 миңден ашык адам коронавирустан каза болду

 

Бүгүн, 14-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 53 миллион 284 миң 867 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 34 миллион 394 миң 784 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 301 миң 54 (+9217) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 10 миллион 727 миң 885 болду. 244 миң 302 адам каза болсо, 4 миллион 95 миң 146 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 728 миң 795 адамдан аныкталды. 128 миң 668 адам каза болсо, 8 миллион 115 миң 580 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 810 миң 652 адам вируска кабылган. 164 миң 737 бейтап көз жумса, 5 миллион 274 миң 812 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: