super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

"Урматтуу айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери! Сиздерди айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм.

Өлкөбүздүн калкынын жарымынан көбү айылда жер иштетүү жана мал чарбасы менен алектенет. Айыл чарбасы биздин экономиканын негизги тармактарынын бири болуп саналат.

Табигый-климаттык татаал шарттарга жана керектүү ресурстардын жетишсиздигине карабастан, республиканын калкын айыл чарба продукциялары менен толук камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракет кылып келген фермерлерибизге, дыйкандарыбызга жана кайра иштетүүчү ишканалардын жумушчуларына терең ыраазычылыгымды билдирем.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык саясаты - аймактарда жашоо сапатын жакшыртуу, экспорттун көлөмүн кеңейтүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн агрардык тармагына жеңилдетилген кредиттерди берүү, адистештирилген айыл чарба техникаларын лизинг шарттарында, сугат тутумун калыбына келтирүү жана айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө багытталган долбоорду ишке ашырып атат.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди, мол түшүм жана жалпы айыл чарба тармагынын өнүгүшүн каалайм", - деп жазылган Жапаровдун куттуктоо сөзүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: