Тажикстандык кыз Орусиядагы эң сулуу мигрант наамына ээ болду
Фатима Каладорова


Фатима Каладорова

Камила Полотбекова

12-ноябрда Орусиянын мигранттар федерациясы уюштурган сулуулар сынагында тажикстандык Фатима Каладорова эң сулуу мигрант деп табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сынакка Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Тажикстан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Түркмөнстан Афганистан өлкөлөрүнүн 200дөн ашык мигранттары катышкан.
Биринчи тур онлайн добуш берүү жолу менен өтүп, анда 12 катышуучу финалдык баскычка өткөн. Жыйынтыгында Екатеринбург шаарында жашаган тажикстандык,Фатима Каладорова эң сулуу деп табылып, Кыргыз өлкөсүнөн барган мигрант Камила Полотбекова көрүүчүлөрдүн купулуна толгондугу үчүн сыйлык алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Балакет сулуу болсо да Айшаканга жетпейт анткени ал менин жеримдин Ала Тоонун сулуусу