super.kg logo

Милициянын кайгуул кызматы жол тыгындарын жоюу максатында борбордо иш алып барууда

 
  1. Бишкек шаарынын аймагында эртең менен жана кечинде унаа агымынын көбөйүшүнө байланыштуу айрым көчөлөрдө тыгын пайда болуп, жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздык жаратууда. Мына ушул көрүнүштү жоюу максатында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери борбор калаада коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоо боюнча, өз ишин күнү-түнү жүргүзүшүп, тыгындар пайда болгон жерлерге токтоосуз кызматкерлердин тобу жөнөтүлүп, ошону менен бирге күнүгө саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечкисин саат 17.30дан 19.30га чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчө кесилиштеринде кыймылды кол менен жөндөп иш алып барышууда.

Мындай ыкма жол чырактар иштебей калган же жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнөн же аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн, ошондой эле жана башка көрүнүштөрдөн улам пайда болгон тыгындарды алдын алуу, жөнгө салуу үчүн, унаалардын тыгыны көп болгон жерлерде жол кыймылын кол менен жөнгө салышат.

Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө менен гана чектелбестен, коомдук тартипти орнотуу, ошондой эле “102” линиясы боюнча жарандардан түшкөн ар кайсы багыттагы чакырууларды ыкчам жана сапаттуу тейлеп келет. Ошондуктан айрым учурларда баардык абалга бирдей жетишпестик жагдайы пайда болот.

Борбордук милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы бардык айдоочуларды жана жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежесин так сактоого чакырат! Жасалма тыгындарга жол бербөө үчүн, карама-каршы жолдун тилкелерине чыкпай, жол кесилиштерге жакын жерде ортого кире калып бир багыттан экинчи багытка өтүү аракетин кылбаңыздар, ушул жана башка аракеттериңиз жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдуктарды жана ыңгайсыздыктарды жарататарын эсиңизге алыңыздар.






Милициянын кайгуул кызматы жол тыгындарын жойуу максатында борбордо иш алып барууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: