1-октябрь - Карылар күнүнө карата жарманке өтөт
Бишкекте 1-октябрь - Карылар күнүнө карата майрамдык жарманке өтөт. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Анда карылардын колунан жасалган кийиз буюмдар жана башка сувенирлер көргөзмөгө коюлат. Мындан сырткары кондитердик азыктар тартууланып, катышуучулар арасында лотерея ойнотулат. Чогулган каражат карыларды колдоо иштерине жумшала турганын билдирет министрлик. Шахмат мелдеши уюштурулуп, балдар ансамбли шаардыктар үчүн майрамдык концерт тартуулайт. Иш-чара 1-октябрь күнү Эркиндик гүл багында орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

