super.kg logo

Дональд Трамп "Үйдө жалгыз 2" тасмасына кантип тартылып калганы белгилүү болду

 

АКШ президенти Дональд Трамптын атактуу "Үйдө жалгыз 2" киносуна тартылып калышы тууралуу кинонун режиссёру Крис Коламбус айтып бергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тасманы тартуучу топ "Үйдө жалгыз 2" тасмасын тартуу үчүн ошол мезгилде Трампка таандык "Plaza" аттуу мейманкананы тандап алган. Тасманы мейманканадан тартууда Трамп такыр башка шарт койгон.

"Мейманканада тартуунун бирден-бир жолу - эгер мен тасмага катышсам", - деген Трамп.

Режиссёрдун айтымында, "Үйдө жалгыз 2" тасмасынын биринчи көрсөтүүсү көрүүчүлөргө жаккандыгына байланыштуу, ал Трамп катышкан эпизодду калтырууну чечкен.

"Үйдө жалгыз 2" тасмасы 1992-жылы тартылган. Бул тасма ошол жылы эң көп киреше тапкан экинчи тасма болуп саналат. "Үйдө жалгыз 2" тасмасы АКШда 173 миллион доллардан ашык каражат тапса, дүйнө жүзү боюнча 359 миллион доллар киреше тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Трамп тракт
18.11.2020. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балалыкты ар дайым эске салып, ошол кезге жетелеп барчу тасма. Ар жаңы жыл көрүүдөн тажабайм. Азыр бала эмес, апа болуп, балдарыма кошулуп көрөм. Анык " шедевр" кино.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: