super.kg logo
  Саясат  

Ош. Кара-Суу райондук соцфонддун башка кызматкерлери "жетекчибиз кетпесин, кетсе биз да кетебиз" дешүүдө

 

Бүгүн, 27-сентябрда Ош шаарында Кара-Суу райондук социалдык фонд башкармалыгынын айрым кызматкерлери жетекчисинин орой, адилетсиз мамилесин айтып маалымат жыйын беришти. Алар жетекчиси Райимберди Жакыпов кызматтан алынышын талап кылып жогорку бийликке кайрылуу жолдошконун айтышкан эле. Алардын кийин журналисттерге маалымат берген аталган мекеменин башка кызматкерлери жетекчиси мыкты иштеп жатканын билдиришти. "Жетекчибиз талапты катуу коюп, коррупциялык иштердин бетин ачканы үчүн бир ууч кызматкерлер “жетекчи бизге кысым көрсөтүүдө” дешүүдө. Мекемеде 45 адам иштейт, алардын 37си азыркы жетекчи менен иштешүүгө даярбыз деп кол коюп беришти”,- дейт райондук социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси Байдылда Абдраманов. Ошондой эле бул кызматкерлер “эгер жетекчи Райимберди Жакыпов иштен кетсе, биз да кетебиз”- деп билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: