Орусияда сутка ичинде коронавирустан 350дөн ашык адам каза болду
Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 22 миң 572 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 352 адам каза болсо, 14 миң 456 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 6271 (айыккандар 4266);
Санкт-Петербург - 1944 (айыккандар 937);
Москва облусу - 812 (айыккандар 451);
Нижегород облусу- 412 (айыккандар 148) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 925 миң 825 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 33 миң 186 адам каза болсо, 1 миллион 439 миң 985 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.