super.kg logo

Мындан 9 жыл мурун жол кырсыгына кабылып, 1 күн, 1 түн карда жатып калган Татына жардамга муктаж

 

Мындан 9 жыл мурун жол кырсыгына кабылып, 1 күн, 1 түн памперс менен 7 айлык ымыркай карда жатып калган. Натыйжада Татына аттуу кичинекей кыздын бутун үшүк алып, басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Бүгүнкү күндө Татына бутуна операция жасатуу үчүн жардамга муктаж. Түркия мамлекетинде жасалуучу операцияга чоң суммадагы каражат талап кылынат.

SUPER.KG порталы Татынанын апасы Асия Кутманбек кызы менен байланышып, кызынын абалы тууралуу маалымат алды.

"Мындан туура 9 жыл мурун кызым экөөбүз Оштон Бишкекке келе жатып жол кырсыгына кабылганбыз. Кырсыктын кесепетинен жаныбыздагы бир адам каза болуп, кызым машинадан алыс жакка памперс менен карда 1 күн, 1 түн жатып калган. Ошондон улам бутун үшүк алып, бүгүнкү абалы ушул.

Кызымдын сыноосу 7 айынан башталды. Азыр болсо 9 жашта. Андан бери Бишкекте барбаган жерибиз, каккылабаган эшигибиз калган жок. Татына буга чейин операция болгон эмес, Бишкектен ДЦП деп диагноз коюп, эч дарылачу деле эмес. Каражаттын жетишсиздигинен кызымды күчтүү врачтарга убагында көрсөтө алган эмеспиз.

Жакында эле Түркиядан операция жасай турган врачы "Параплегия" деп диагноз койду. Учурда "Роматем" деген ооруканага көрүнүүдөбүз. Бул тубаса оору эмес, операция болсо кызыңызда басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар, операциядан кийин эле сезүү болот деп жатышат. Ал эми дарыгерибиз Муртада Джубара деген араб улутундагы күчтүү врач экен", - деп билдирди.

Ал эми апасынын айтымында, операция 2021-жылдын январь айына белгиленген. Ага чейин 3 ай үзгүлтүксүз дарыланууну улантуу керек.

"Кызымды ооруканага алып барып дарыланууну баштаган учурда ал кадимкидей сүйүнүп, көздөрүндө жашоого болгон үмүт пайда болот. Кээде "мен эмнеге баспайм? Мени Жараткан жаман көрөбү?" деп сурап калат.

Кызымдын ден соолугу чоңойгон сайын эле оорлошуп баратат. Дене табы көтөрүлүп, бир аз ооруп калса колдору иштебей калат. Атасы болсо кызы ооругандан бери бир чалып, кабар алып койгон жок. Тагдыр экен анын өзүнүн турмушу бар.

Буга чейин дагы кызыма эл тарабынан да жардам болуп жатты. Белгилүү инсандар дагы колдоолорун көрсөтүп, баракчаларына чыгарып каражат чогултууга көмөк кылып жатышат. Кайдыгер карабаган бардык элиме ыраазычылык билдирем. Элимдин колдоосу бизге үмүт, күч берип жатат", - деп билдирди Асия Кутманбек кызы.

Татынага жардам берүүнү каалаган кайрымдуу инсандар үчүн реквизиттер:

Сбербанк 4276 3802 4442 1306;
Элсом 0502 03 20 16;
KICB 4446 7320 0036 3343.


кошулду





Мындан 9 жыл мурун жол кырсыгына кабылып, 1 күн 1 түн карда жатып калган Татына жардамга муктаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.11.2020. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жардам берели Кыргыз элим,кайдыгер карабайлы
16.11.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул видеого о нун жарнамасын кошпой эле койбопсунар. Видеону таркаткыла канча коп адам корсо ошончо каражат чогулат деп ойлойм
17.11.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым шыпаасын берип айыгып кетсин, операция жеңил ийгиликтүү өтсүн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: