Кыргыз-тажик чек арасында уюшулган базардан улам келип чыккан кайым айтышуу. Чек ара кызматы эмне дейт?



Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Бешкент айылында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында кыргыз, тажик жарандарынын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Бул тууралуу видеону SUPER.KG порталына окурман жөнөттү.
Анда Кыргыз өлкөсүнө караган аймакка тажик жарандары базар уюштуруп алышты деген тариздеги видео тартылган. Видеодо көрүнгөндөй тасманы тартып жаткан аял киши жер-жемиш сатып отурган бир нече аял менен айтышып жатат. Ортодо Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле ал тажик жарандарынан чек ара кызматындагылардын келишин суранган.
Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандары ортосунда кайым айтышуу орун алганын угууга болот.
Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматына байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Аталган видео ноябрь айынын башында тартылган. Окуя Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай айыл аймагында болгону аныкталды. Бул факт боюнча 12-ноябрда эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан. Анын жүрүшүндө Тажикстан тарап алардын жарандары такталбаган чек ара аймагында башаламан базар уюштурбайт деп сөз беришти. Учурда чек арада мындай базар уюштургандар жок. Аталган мамлекеттик чек ара аймагында абал тынч" , - деп жооп беришти чек ара кызматынан.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагына тажик жарандары мыйзамсыз базар уюштурушту делген видео



1 |