Чет элдик жаран түптөгөн компанияга Бишкектеги бала бакча мыйзамсыз сатылып кеткен
Чет элдик жаран түптөгөн компанияга Бишкектеги бала бакча мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын мыйзамсыз сатылып кетишине Бишкек мэриясынын жана "Кыргызпотребсоюз" коомдук-чарбалык уюмунун кызматкерлеринин тиешеси болгон.
"Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин таңкыстыгы орун алгандыгына байланыштуу Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, шаардын аймагында жайгашкан бала бакчанын имараты, 6000 чарчы метр жер участогу менен мыйзамсыз менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.
Тактап айтканда, Бишкек мэриясынын жана "Кыргызпотребсоюз" коомдук-чарбалык уюмунун кызмат адамдары мурдагы бала бакчанын имаратын, уюштуруучусу чет өлкөлүк жаран «Имфико» Жабык акционердик коомуна сатып, коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө мыйзамсыз уруксат беришкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен социалдык имаратты мамлекеттин пайдасына кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилди", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө жогорудагы аталган жер участогунун базар баасы 199 миллион 200 миң сомду түзөт.
