Эне тилге эки мүнөт: "Айдай андан эмне үчүн качат же атасы зекип койгонбу?" Зекип дегенди кандай түшүндүңүз?
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында кыргыз тилиндеги тарыхый, архаизм сөздөрдүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Журдай - кийим-кечеси жыртылган, жылаңач-жыртык, тамтыгы кеткен, кийими жокко эсе деген мааниде колдонулган. Мисалы: Чычкандай жерге кирет алтын казып, өздөрү ачка, журдай, тишин кайрап. (А.Токомбаев)
2. Казат - Согуш, уруш, кандуу майдан. Мисалы: Силерди эл ат жалынан кан аккан казатка узатып жатат. (Т.Сыдыкбеков)
3. Зеки - жекирүү, жемелөө деген мааниде. Мисалы, Айдай андан эмне үчүн качат же атасы зекип койгонбу?(К.Каимов)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.