super.kg logo

Нурсултан Кубанов Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалгандыгын билдирди

 

Парламенттик шайлоого "Бир Бол" партиясынан талапкер болгон Нурсултан Кубанов Бишкек шаардык мэринин билим берүү тармагындагы коомдук кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу достор, пикирлештер! Бишкек шаарынын мэринин билим берүү тармагындагы коомдук кеңешчиси болуп дайындалганым чын. Буюрса, иш жүзүндө билим берүү тармагында жакшы аракеттерди кылабыз.

Силерге маалымат берип турам. Көп сөз жазбай, иш менен алектенели. Балбак Зарлыкович менен иштешкениме сыймыктанам, өзүм дагы көп нерсе үйрөнөм деген ишеничтемин. Мектептердин билим берүү сапатын жакшы деңгээлге чыгаруу боюнча сунушуңар болсо ачыкмын", - деп жазган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: