2020-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 7,4 пайызга төмөндөгөн
Өлкөнүн ички дүң продукциясы 2020-жылдын январь-октябрь айларынын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга төмөндөө менен 456 миллиард 700 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Кумтөр" компаниясын эсепке албаганда бул сумма 402 миллиард 300 миллион сомду түзөт.
"Ички дүң продукциянын төмөндөшү өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн кыскарышы менен шартталды. Товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 3,7 пайызга төмөндөдү. Өткөн жылы бул тармактын 9 пайызга өсүшү байкалган.
10 айдын ичинде Ички дүң продукциянын түзүмүндөгү эң чоң үлүш товарларды өндүрүүчү тармактарга туура келип, 44,7 пайызды түздү", - деп айылат маалыматта.
