super.kg logo

Парламент комитетинде Бажы кызматы бекитилген планга жетпей жатканы айтылды

 

Парламент комитетинде Бажы кызматы бекитилген планга жетпей жатканы айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө жыйыны Финансы министрлигинде өттү.

Республикалык бюджеттин параметрлери менен экономика министри Санжар Муканбетов тааныштырды. Жыйында 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да каралууда. Финансы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында, быйыл жалпы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 137 миллиард 100 миллион сом болууда. Ал тышкы карызды төлөөнүн басымдуу бөлүгү 2025-2030-жылдарга туура келерин билдирди. 2025-жылы 400 миллион доллардай тышкы карыз төлөнөт.

Жыйында Бажы кызматы бекитилген планга жетпей жатканы белгилүү болду. Бажы кызматкерлери Кытай менен чек ара жабык болгондугун жүйө келтирди. Өткөн жылы Кытайдан 36 миң автоунаа кирген болсо, быйыл 10 айда 3000ге жетпеген машина кирген. Пандемия салыктык жана бажылык түшүүлөрдүн көрсөткүчүнө өтө терс таасирин тийгизген. Тармактык комитеттин депутаттары республикалык бюджеттин тартыштыгын жоюу, казына кирешесин көбөйтүү боюнча сунуш-пикирлерин беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.11.2020. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге жетпей жатыптыр, Раим ака мамлекетке төгө турган акчаны чыгарып алайын деп атыптырбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: