super.kg logo

Бишкек шаарындагы убактылуу баш калкалоочу жайлар толугу менен кышка даяр

 

Бишкек шаарында убактылуу жашаганга жери жок адамдар үчүн ачылган баш калкалоочу жайлар кышка толугу менен даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Суук тушкөндө туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн, борбордо муниципалдык баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мындай жайларга үйү жок адамдар көбүнчө өзүлөрү келип, жөн эле тамак ичип, жылынып, кээ бирлери түнөп калышат.

Баш калкалоого зар болгондорду укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы жеткирип барат. Эгер сиз жардамга муктаж болуп турган жарандарды көрүп калсаңыз, 102(милиция) жана 103(тез жардам) номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Баардык борбордук баш калкалоочу жайларда коопсуздук үчүн дайыма райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары системалуу кызмат кылат", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: