super.kg logo

Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумалык башталды

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, Баткен облусунун гимнинин автору, Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгына карата 2020-жылдын 16-22-ноябрь күндөрү, Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумалык башталды.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Эл артистинин ысымын алып жүргөн “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын жамааты демилге көтөрүп, аны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыккан.

"Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова бул боюнча “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбековду кабыл алып, бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди. Чынара Саттарова өз сөзүндө таланттуу инсандын 60 жылдык мааракесине карата белгиленген иш-чараларды, пандемияга байланыштуу өз деңгээлинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан пандемия шартында болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, онлайн форматында иш-чараларды уюштурууну тапшырды", - дешти мекемеден.

Жумалыктын алкагында массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу Апаз Жайнаковдун чыгармаларын даңктоо, билим берүү мекемелеринде онлайн конференция, ондайн музыкалык иш-чараларды уюштуруу белгиленген. Ошондой эле Кыргыз Эл артисти Апаз Жайнаковдун чыгармаларын аткарган белгилүү чыгармачыл инсандардын катышуусунда онлайн концерттик программа уюштуруу пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: