super.kg logo

Бүгүн студенттердин эл аралык майрамы. "Диплом алуу аста-аста, окуудан айдалуу бир паста"

 
Бүгүн, 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык майрамы. SUPER.KG порталы өлкөбүздөгү бардык билимге умтулган студенттерди майрамы менен куттуктап, позитивдүү маанайда тамашалуу мүнөздөмө жана заманбап макал-лакаптарды тартуулайт.

Убакыттын өтүшү менен бул мүнөздөмөлөр өзгөрдү, төмөндө мындан бир канча жыл мурун студент болгондордун жашоосунан алынды.

Студентке мүнөздөмө:

Студенттин кубанганы - лекциянын бүткөнү;

Студенттин корккону - сессиянын башталганы;

Студенттин майрамы - айылдан акча келгени;

Студенттин бакыты - тоё бир тамак жегени;

Студенттин унаасы - автобус жана троллейбус;

Студенттин душманы - чырылдаган ойготкуч саат.

Заманбап макалдар:

1. Адам тилинен табат, сессияда мугалим студентти табат.

2. Дарак бир жерден көгөрөт, студент сессияда чөгөлөйт.

3. Диплом алуу аста-аста, окуудан айдалуу бир паста.

4. Жалгыз дарак токой болбойт, студент шылтоого тойбойт.

5. Ат тойгон жерине шашат, студент арзан жерине шашат.

6. Кайгысы жок кара сууга семирет, студент курсагы ачса ручкасын да кемирет.

7. Жыгылган күрөшкө тойбойт, ачка калбаган студент болбойт.

8. Керектүү таштын оору жок, студенттин "шылтоо" айтпас күнү жок.

9. Кыздуу үйдө кыл жатпайт, студент бекер аштан кайтпайт.

10. Окуйм десең клубдарга барбагын, студенттин абийирин кармагын.

11. Жатар курсак жармадан айлансын, качан көрөм дипломдун пайдасын.

12. Укпайт деп ушак айтпа, Универге тапшырдыңбы артка кайтпа.

13. Башың борпоң болгон соң, сатып алган дипломдонне пайда?






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: