super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда жумушсуздук боюнча Ош жана Жалал-Абад облустары алдынкы орундарда турат

 

Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны боюнча Ош жана Жалал-Абад облусу алдынкы орундарда турат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Ушул жылдын 1-ноябрына карата өлкө боюнча 61 миң 349 жумушсуз адам катталган. Алардын 12 876сы Ош облусунда болсо, 12 миң 627си Жалал-Абад облусунда катталып, аталган облустар жумушсуз адамдардын саны боюнча алдынкы орунга чыгышкан. Кыргызстандын калган аймактары боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө: Бишкек шаары - 9068, Нарын облусу - 6507, Чүй облусу - 5999, Баткен облусу -  5615, Ысык-Көл облусу - 4091. Ал эми эң аз жумушсуз калктын саны Ош (2456) жана Талас шаарында (2110) экени аныкталды. Улуттук статистикалык комитеттен белгилешкендей, акыркы 10 айда өлкө боюнча жумушсуз калктын саны 0,9%га кыскарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: